Президент Кыргызстана Садыр Жапаров 24-июнда Нарын облусуна барып, Нарын шаары жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышып, регионду өнүктүрүүгө багытталган келечектеги долбоорлорду карап чыкты.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу жана регионго инвестиция тартуу боюнча маанилүү жетишкендиктер тууралуу маалымат берди, деп билдирет КР президентинин басма сөз кызматы: