Бүгүн, 24-июнда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргызстандагы президенттик жана депутаттык шайлоолорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча конституциялык мыйзам долбоорун колдошту. Жаңы кабыл алынган өзгөртүүлөр II жана III окууда талкууланды.

Мыйзам долбоорун бекиткенден кийин, Жогорку Кеңештин спикери Марлен Маматалиев бул өзгөртүүлөрдүн максаттары тууралуу түшүндүрмө берди. Ал шайлоо күнүн жылдыруу — шайлоочулардын активдүүлүгүн арттыруу үчүн жасалган кадам экенин белгиледи.