
Калинин – Степное жолунда, Жайыл районунда, асфальт төшүрүү иштери активдүү улантылууда. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлиги 2026-жылга карата пландын алкагында бул трассанын 5 километри асфальтталат деп билдирет. Учурда 2 километри боюнча иштер аяктады.
Курулуш белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө, ал эми подрядчы болуп Жолду пайдалануу ишканасы (ЖПИ) №40 чыгууда. Иштер толук ылдамдыкта жүрүүдө, бул долбоордук милдеттерди убагында аткарууга жана региондун жол инфраструктурасын жакшыртууга шарт түзөт.