


23-июнда Бишкек мэриясында 9- жана 11-класстын аттестаттарын тапшыруу иш-чараларын уюштурууга арналган жумушчу жыйын өттү. Иш-чаралардын даярдыгы жана өткөрүлүшү боюнча окуучулардын коопсуздугуна басым жасалып, маанилүү аспекттер талкууланды.
Жыйынга мэрдин милдетин аткаруучу Рахат Мусаева, муниципалдык администрациялардын өкүлдөрү, Бишкек ШИИБи, милициянын патрулдук кызматынын башкармалыгы, ошондой эле социалдык өнүктүрүү жана билим берүү департаментинин адистери катышты.