Баткенде мигранттардын бизнесин колдоо боюнча эл аралык эксперттерге тажрыйба сунушталды






Баткен облусунда эл аралык эксперттер менен жолугушуу болуп өттү, анда мекенине кайтып келген мигранттардын бизнес-инициативаларын колдоо боюнча ийгиликтүү тажрыйба сунушталды. Кыргызстан жана Казакстандагы Эл аралык миграция уюмунун өкүлдөрү аталган уюмдун колдоосу менен аймакта ишке ашырылган пилоттук долбоорлордун жыйынтыктары менен таанышышты.

Визит учурунда делегация Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов менен жолугуп, мигранттарды колдоо программаларынын жыйынтыктарын жана келечектеги кызматташуу багыттарын талкуулашты.