2026-жылы Кыргызстандагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн чектөө баллдары өткөн жылдагы деңгээлде калат. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Исиралиева «Биринчи радио» эфиринде билдирди. Негизги тест боюнча чектөө 110 баллды, ал эми предметтик тест боюнча 60 баллды түзөт.
Кээ бир багыттар жана адистиктер үчүн чектөө баллдары ар башка: