Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында парламентке 174 мыйзам долбоору түшүп, анын ичинен 112 долбоор кабыл алынып, президент Садыр Жапаров 92 мыйзамга кол койду.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 24-июнда жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөргөн басма сөз жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, президент кол койгон мыйзамдардын көбү Министрлер кабинети сунуштаган документтер.Президент депутаттар сунуштаган 16, өзү демилге кылган беш жана Башкы...