Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда кармалган Эрмек Сабыржановго консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын маалымдады.Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин консулу Сабыржанов кармалып турган “Синжан” түрмөсүнө барып, ага жолуккан. Анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында тиешелүү консультациялар берилди.Мекеме Туркиядагы элчилик тарабынан кармалган жарандын жакын туугандары менен телефон аркылуу байланыш...