Учурда Кыргызстан менен Португалиянын расмий делегацияларынын ортосунда кирешелерге салыктарды төлөөдөн качууну жана эки эселенген салык салууну алдын алуу боюнча Келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Кыргызстандын Экономика жана соода министрлиги бул Келишимдин кол коюлушу эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө, өлкөнүн инвестициялык тартымдылыгын арттырууга, ошондой эле бизнес жүргүзүү жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт деп белгилейт.