Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов 24-июнда БУУнун Беженчилер боюнча Жогорку комиссарынын (БУУ БЖК) Борбордук Азиядагы өкүлү Махир Сафарли менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү беженчилердин укуктарын коргоо маселелери болду.
Досматов өз сөзүндө БУУ БЖКга беженчилердин укуктарына байланыштуу маселелерде үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан 1996-жылдан бери 1951-жылдагы Беженчилердин статусу боюнча БУУнун Конвенциясынын катышуучусу экенин жана бул адамдардын укуктарын коргоо маселелерин чечүүгө активдүү катышып жатканын белгиледи.