Бишкекте жол кырсыгы катталды, деп билдиришти УПСМдин басма сөз кызматынан. 24-июнда саат 15:05 чамасында Лев Толстой жана Асаналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 58 жаштагы аял жолду белгиленбеген жерде "Хово" жүк ташуучу унаанын алдына өтүп бараткан.
Айдоочу жөө адамды байкабай, натыйжада унаа менен сүзүп кетти. Патрулдук милициядан билдиришкендей, аял жүк ташуучу унаанын айдоочусунун көрүүсү чектелген жерде болгон.
Учурда бул окуя боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.