2026-жылдын биринчи беш айында Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратына Кыргызстандыктардан 31 кайрылуу келип түшкөн. Ошол эле учурда Кыргызстандагы Акыйкатчы институту 2025-жылы Россиянын жарандары тарабынан 14 кайрылуу алган, ал эми ушул жылдын ошол эле мезгилинде — 7 кайрылуу болгон. Бул маалыматтар акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Россиянын омбудсмени Яна Лантратова менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Жамиля Жаманбаева эки өлкөнүн укук коргоо мекемелери ортосундагы кызматташтыкты улантууга үмүт артарын билдирди.