Акыркы 10 жылдын ичинде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттер жалпысынан 2 триллион доллардан ашык инвестиция тартууга жетишти. Бул тууралуу Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Владимир Ильичев Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун бизнес-форумунда билдирди.