
Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан - Евразиянын жүрөгү" инвестициялык бизнес-форумунда Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшан Сабиров Кыргызстан бизнеске 550 миллион адамдан ашык рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Мамлекет региондогу эң либералдык салык системаларын сунуштап, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.