Бишкекте «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жол компаниясынын катышуучуларынын бешинчи жыйыны жана директорлор кеңешинин жыйыны өттү, анда стратегиялык темир жолду куруу жана жакынкы жылдарга пландар талкууланды.

Жыйында компаниянын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, долбоорду ишке ашыруунун негизги аспектилери каралып, 2026-жылга негизги багыттар аныкталды. Катышуучулар куруу процессиндеги ачыктык, экологиялык коргоо, корпоративдик башкаруу жана социалдык жоопкерчилик маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Сүрөт "Кыргыз темир жолу"
Жыйындын алкагында темир жол курууда адилеттүүлүктү камсыз кылууга багытталган демилге кол коюлду, ал ачыктык, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү принциптерин сактоону камтыйт.