Бириккен Штаттарда "Алтын купол" ракетага каршы коргонуу системасынын биринчи сыноолору ийгиликтүү аяктады. АКШнын коргоо министри Пит Хегсет бул тууралуу социалдык тармактагы аккаунтунда билдирди.
Ал "бүгүнкү күндө 'Америка үчүн Алтын купол' долбоорунун биринчи сыноосу толугу менен ийгиликтүү өттү, жана мен үчүн бул окуянын күбөсү болуу сыймык" деп белгиледи.