
Кыргызстан стратегикалык географиялык жайгашуусу жана ири регионалдык инициативаларга активдүү катышуусу аркылуу инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү потенциалды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабиров Бишкекте өтүп жаткан "Кыргызстан - Евразиянын жүрөгү" инвестициялык бизнес-форумунда билдирди.