Өзбекстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Фабио Каннаваро командасынын Португалияга 0-5 эсебинде утулганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Бул тууралуу италиялык мурдагы футболчу матчтан кийинки пресс-конференцияда билдирди.Өзбекстан ага чейин Колумбияга 1-3 эсебинде жеңилген. Алдыда Конго демократиялык жумурияты менен беттешүү бар."Албетте алгачкы жолу дүйнө чемпионатына катышуу оңой болбойт. Биз чүчүкулак кармоонун жыйынтыгын, Португалия жана Колумбия өңдүү атаандаштарды...