Акыркы убакта социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллект жана графикалык редакторлор аркылуу түзүлгөн Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) боюнча жалган жыйынтыктар пайда боло баштады. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу ыкмалары борбору билдирет.
ЦООМО өкүлдөрү ЖРТ жыйынтыктарынын жалгыз расмий тастыктамасы борбор тарабынан берилген сертификаттын оригиналы экенин баса белгилешет.