```html
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) «Кыргызстан — Евразиянын жүрөгү» аттуу инвестициялык бизнес-форумунда Кыргызстандын өкмөтүнүн биринчи орун басары Данияр Амангельдиев сөз сүйлөдү. Иш-чаранын максаты өлкөгө инвестиция тартуу жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду. Өзүнүн сөзүндө ал 2025-2026-жылдары ШКУдагы Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында бизнес байланыштарды активдештирүү пландары тууралуу айтып, май айында Ысык-Көлдө өткөн V Региондор башчыларынын форумунун ийгиликтүү иш-чараларын белгиледи.
Данияр Амангельдиев ШКУнун маанилүүлүгүн, 3,4 миллиарддан ашык адам жашаган 10 өлкөнү бириктирген уюм экенин белгиледи жана жалпы ички дүң продукциясы 30 триллион долларды түзгөнүн айтты. Ал акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соода процедураларын жеңилдетүү аркылуу эки эсеге өскөнүн белгиледи.