Кыргызстан 2027-жылы Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) турнири өтө турган өлкөлөрдүн бири болушу мүмкүн. Бул маалымат сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн билген булактан келип, ТАСС агенттиги тарабынан жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, жакында Өзбекстандан келген делегация UFC жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүп, региондо UFC жана Zuffa Boxing турнирин уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган. Иш-чараларды өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүк берилген өлкөлөрдүн катарында Казакстан, Кыргызстан жана Грузия да каралууда.