Кыргызстанда «Депозит врача» программасына катышуучулар үчүн жаш чектөөсү жоюлду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов президент Садыр Жапаровдун Ат-Башы районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Жолугушууда жергиликтүү тургундардын бири, таанышына 35 жаштан ашып кеткендиги үчүн программага катышууга уруксат берилбегендиги тууралуу көңүл бурду.