Бишкекте укук коргоо органдары дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Жыпары Женишбековна Сулайманкулованы издеп жатышат. Бул тууралуу маалымат Ленин районунун ички иштер башкармалыгынан келип түштү.
Маалыматтарга ылайык, 24-июнда кыздын энеси жергиликтүү ИИБге кайрылып, кызы 22-июнда Павлов көчөсүндөгү "Жасмин" кафесинен саат 21:00 чамасында чыгып кеткенин жана азыркы убакка чейин кайтып келгенин билдирген.