Россиялык альпинист Алина Пекова бардык 14 сегиз миңдик тоону багындырган эң жаш аял катары Гиннесстин рекорддор китебине киргизилди. Бул тууралуу «Контекст» Telegram-каналы билдирет.

Ал 2023 жана 2024-жылдары дүйнөдөгү эң бийик тоолорго чыгуу менен 31 жашында бул көрүнүктүү максатка жетти.