2026-жылы Кочкор районунда Шамшин суу сактагычынын курулушун аяктоо пландалууда. Бул билдирүүнү президент Садыр Жапаров Нарын облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда жасады.

Президенттин айтымында, жаңы объект региондогу сугат системасын кыйла жакшыртат.