Ош шаарында мамлекеттик чек араны бузуу шектелип, издөөдө болгон коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан маалымат беришти.
Коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 24-июнда "Издөө" аттуу оперативдик-профилактикалык иш-чаранын алкагында Ноокат РОВДсынын экстремизмге каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция кызматкерлери 1983-жылы туулган аялды кармашкан.