Кемин районунда комби азыктар заводун куруу учурунда көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө курулуш мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталды. Курулуш министрлиги, иштер зарыл уруксат документтерисиз башталганын билдирди.
Мындан тышкары, курулуш объектиси Бирдиктүү мамлекеттик реестрге катталбай калган. Аныкталган мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу ОсОО «БМ» компаниясына протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.


Муну менен катар мыйзам бузуулардын жоюлушу жана курулуш ишмердүүлүгүн белгиленген мыйзам нормаларына ылайык келтирүү боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.