Авиакомпания Asman Airlines 26-июндан тартып Ош - Тамчы - Ош маршруту боюнча регулярдуу рейстерди калыбына келтирет, деп маалымдайт ОАО "Аэропорттор Кыргызстаны" пресс-службасы.
Рейстер аптасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү, күндүн биринчи жарымында учуп чыгат.