Катар курамасы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы оюндарын жыйынтыктады, ал Канада, Мексика жана АКШда өтүп жатат. 25-июнга караган түнү группалык этаптын акыркы оюндары өттү.
В тобунда Катар командасы Босния жана Герцеговинага утулуп, турнирдик таблицада акыркы, төртүнчү орунду ээлеп калды.
Ошентип, учурда Катарды кошкондо алты команда 1/16 финалга өтүү мүмкүнчүлүгүн жоготту — бул Гаити, Түркия, Тунис, Иордания жана Панама.