
Кара-Суй районунда 24-июнда күчтүү жамгырдан улам сел жүрүп, трагедиялык кесепеттерге алып келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ош — Алай трассасынын 58-километри боюнча селдик агым жеңил автоунааны алып кетти. Куткаруучулар окуя болгон жерге издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.
Окуянын натыйжасында, автоунаада болгон алты адамдын денелери табылды, дагы эки жабырлануучу жаракаттары менен медициналык мекемеге жеткирилди. Селдик агымдын жүргөн жерин кошумча текшерүүдө дагы бир дене табылды. Учурда жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө, жарандардын өлүмү боюнча экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мерт кеткен адамдын жеке башын аныктоо боюнча адистер иш алып барууда, анын маалыматы азырынча такталган жок.