Балдардын "р" тамгасын туура айтууну жакшыртуу, сөз байлыгын кеңейтүү же окуу жана жазуу жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн "Логофея" билим берүү борборуна кайрылышат. Тармактын негиздөөчүсү Гулдана Шабданова борбордун иши, анын социалдык демилгелери жана балдарды окутууда жандуу байланыштын мааниси тууралуу маек берди.
"Логофея" боюнча экскурсияда Гулдана Шабданова логопед бала менен жеке иш алып барган класска эшикти ачат. Сабак уланууда, ата-энелер ыңгайлуу аймакта күтүп турушат.