Баткен облусунда катуу жааган жамгырдан улам селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө

Баткен районунда 24-июнда катуу жааган жамгыр менен градустан улам Жаны-Жер айылында сел жүрдү. Бул тууралуу аймактын өкүлчүлүктөрү билдиришти. Селдик агым Ош — Баткен — Раззаков жолунун 222-километри кесип өтүп жаткан сайдын участогун толтуруп, трасса убактылуу жабылды.

Град ошондой эле айылдагы жемиш дарактарына зыян келтирди. Баткен шаарында сел суулары каналдын жээгинен чыгып, бир турак үйдүн подвалын жана Кызыл-Дон кварталындагы эки башка үйдүн короосун толтуруп кетти.
Учурда Баткен облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов селдин кесепеттерин жоюу иштерин көзөмөлдөп жатат.