Нарын облусунун Ат-Башы районунда Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан каржыланган көп кабаттуу турак жайларды куруу башталат. Бул чечим президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жергиликтүү бийликтердин маалыматына ылайык, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 3,5 гектар жер бөлүнгөн. Район боюнча жер тилкелерин алуу үчүн кезекте 5 260 адам турат, алардын 850и райондук борбордо катталган.