26-июндан тарта Ош-Тамчы-Ош аба каттамы жанданат. Каттамды "Асман Эйрлайнс" аба компаниясы жүргүзөт.Мекеменин маалыматында, каттамдар аптасына үч жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү учат. Учуу убактысы бир саат.Каттам өлкөнүн түштүгүн Ысык-Көл курорттук аймагы менен түз байланыштырып, жайкы туристтик сезон учурунда жарандардын көлгө бат жетишин камсыздайт.Ош-Тамчы-Ош аба каттамы 2015-жылы июль айында башталган. Ошондон бери жыл сайын жайкы туристтик сезон учурунда -...