Министрлигинин табигый ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл боюнча орун басары Асель Раимкулова менен Борбордук Азиянын Регионалдык экологиялык борборунун (РЭЦЦА) аткаруучу директору Батыр Мамедовдун ортосунда жолугушуу өттү. Жолугушууда негизги көңүл борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча конференцияны (ЦАКИК) өткөрүүгө даярдыкка жана 2027-жылы өткөрүү маселелерине бөлүндү.
Тараптар 2027-жылдагы ЦАКИКти Бишкекте пландалган Глобалдык тоо саммити алкагында өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. РЭЦЦАнын өкүлдөрү ири эл аралык иш-чаралар алкагында окшош конференцияларды өткөрүү боюнча тажрыйбаларын бөлүшүп, келечектеги иш-чараны уюштурууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан аркы кызматташууга кызыктар экендиктерин тастыктап, климат жана тоо секторунун туруктуу өнүгүүсү боюнча эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча күч-аракеттерди координациялоону макулдашышты.