Жээнбек Кулубаев жаңы дайындалган Саудия Аравиясынын элчисин кабыл алды


Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Саудия Аравия Королдугунун Кыргызстандагы жаңы элчиси Ияд бин Гази Хаким менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин саясий, экономикалык жана маданий тармактардагы өнүгүү багыттары, ошондой эле инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы Кыргызстан менен Саудия Аравиясынын ортосунда активдүү диалогду сактоо жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөө зарылдыгына көңүл бурду. Элчи Ияд бин Гази Хаким болсо, Кыргызстанды 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун аягында Жээнбек Кулубаев жаңы элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, коюлган милдеттерди ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.