24-июнь күнү кечинде Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык аймагында күчтүү жаандан жана жээкке жакын сел агымдарынан улам Джаны-Арык — Кызыл-Суу автожолунун бир нече чакырымын суу каптады. Бул окуя болжол менен 21:20да болду.

Транспорт жана байланыш министрлиги кырдаалга ыкчам жооп берип, окуя болгон жерге атайын техникаларды жөнөттү. Жолду тазалоо иштерин Жол эксплуатациялоо башкармалыгы (ЖЭБ) №45 жүргүздү.