24-июнь 2026-жылы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын Наркотиктерге каршы күрөшүү башкармалыгы (DEA) делегациясынын жолугушуусу өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз наркотик жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана бул тармактагы заманбап чакырыктар боюнча маанилүү маселелер талкууланды.
Делегациянын курамына Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Наркотиктерге каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Уланбек Султанов, Кыргызстанда АКШнын Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери, DEAнын аймактык директору Кристофер Дзедзик, ошондой эле эки өлкөнүн наркотиктерге каршы ведомстволорунун өкүлдөрү кирди.