Узбекстанда түн ичинде магнитудасы 4 болгон жер титирөө болду

24-июнда жергиликтүү убакыт боюнча 21:07де Өзбекстанда магнитудасы 4 болгон жер титирөө болду. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмопрогноздук мониторинг борбору берди. Эпицентр Фергана облусунда жайгашкан Кувасай шаарында, 13 километр тереңдикте орун алган.

Жер силкинүүлөр Фергана облусунун аймагында 3−4 балл күчүндө, Андижан облусунда болсо 2 балл деңгелинде сезилди. Эпицентр Ташкенттен 251 километр түштүк-чыгыш тарапта жайгашкан.