Кыргызстандагы өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары - коруктардын жана улуттук парктардын аянттарын кыскартууга 20 жылдык мораторий киргизүү сунушун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Өкмөттүн “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын (мындан ары - ӨКЖА) аянттарын кыскартууга жана коргоо категориясын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү” токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Документ коруктардын, улуттук парктардын жана башка өзгөчө коргоо алдындагы жаратылыш аймактарынын...