"75чилердин каты" боюнча кылмыш ишине байланыштуу бүгүн, 25-июнда уланган сотто айыпталуучулар көрсөтмө берүүдө. Алардын бири Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, бирок мыйзамсыз эч кандай аракет кылбаганын сотто айтканын анын адвокаты Чынара Жакупбекова "Азаттыктын" кабарчысына билдирди:"Курсан Асанов кайрылууга кол койгонун, башка мыйзамга туура келбеген эч кандай аракет кылбаганын билдирди. Тагылган айыптарды мойнуна албасын айтты. Толугу менен албайм...