Жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстанда 12 жылдык мектеп билим берүү системасына өтүү улантылат. Бирок, бардык окуучулар жаңы стандарттар боюнча окуй бербейт: айрым окуучулар 11 жылдык моделде кала берет, бул бир мектепте эки билим берүү системасынын иштешине алып келет. Kaktus.media сентябрда балдарды кандай өзгөрүүлөр күтүп жатканын түшүндүрөт.

Биринчи класс

Жаңы окуу жылында биринчи класска 2020-жылы төрөлгөн балдар кабыл алынат. Алар жаңы программалар жана окуу китептери боюнча билим алууну баштап, 2038-жылы 12 жылдык мектепти аякташат.