


Токтогул районунда жайгашкан Толук айылында кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүгө адистешкен жаңы цех ачылды. Жеке ишкер «Толук таттуусу» бренди менен өндүрүштү баштап, 10 түрдүү кондитердик товарларды сунуштады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы цех жергиликтүү тургундар үчүн беш жумуш ордун түздү. Продукция айылдын соода жайларында жана райондук борбордо сатылат, бул жергиликтүү тургундардын сапаттуу азыктарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтет.