Кыргызстанда кытайлык ири корпорация мунай-газ тармагындагы ишканаларды курушу мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарынын алкагында мунай-газ компаниясы — Sinopec корпорациясынын жетекчиси менен жолукту.