Ош — Сары-Таш — Иркештам автожолундагы кыймыл кайрадан толук көлөмдө иштей баштады, бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымдады. Ведомствонун маалыматына ылайык, кечээ, 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда 58-200 километр аралыкта сел агып, транспорттун кыймылына убактылуу тоскоолдук жараткан.

Окуянын кесепеттерин жоюу үчүн Транспорт министрлиги атайын техникаларды жөнөттү, алар тез арада жолду тазалап алышты. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жол 1,5–2 сааттын ичинде калыбына келтирилди жана кыймылга убактылуу чектөөлөр алынды.