Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо борборунун адистери ысык аба ырайында күндүн жана жылуулук соккусуна кабылышы мүмкүн болгон тобокелдиктер тууралуу эскертет. Бул абалдар сыртта, жабык жайларда же кондиционерсиз унаада организмдин ашыкча ысытылышынан улам пайда болушу мүмкүн.
Жылуулук соккусу — бул дененин ашыкча ысытылышынан улам пайда болгон оор абал. Күн соккусу болсо, бул анын бир түрү болуп, башка узак убакыт бою күндүн нурларына дуушар болгондо пайда болот.