Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Бактыбек Молдалиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Мунарбек Супатаев билдирди.Анын сөзүнө караганда, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бактыбек Молдалиевге башта коюлган айыпты өзгөртүп, ага Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин биринчи бөлүмү – “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо,...