Казакстанда акыркы жылдары өзгөчө социалдык тармактарда тездик менен өнүккөн психологиялык кызмат көрсөтүү тармагын тартипке келтирүү чечими кабыл алынды.Парламенттин жогорку палатасы "Психологиялык ишмердүүлүк жөнүндө" мыйзамды жактырып, психологдор үчүн бирдиктүү талаптарды киргизди жана бул тармакты мамлекеттик жөнгө салууну караган жаңы эрежелерди бекитти.Мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутаттар социалдык тармактар аркылуу кеңеш берип, тренинг өткөргөн...