Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боор алмаштыруу боюнча экинчи операция жасалды. Бул тууралуу аталган борбордун боор хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тилеков Биринчи радиого курган маегинде билдирди.Анын сөзүнө караганда, операция ийгиликтүү өттү, бейтапка уулу донор болду. Учурда экөөнүн тең абалы жакшы, донорду 25-июнда палатага которуу каралууда.Операция Москвадагы Валерий Шумаков атындагы федералдык илимий борбордун алдыңкы хирургдары менен чогуу жасалды.Боор...