Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда музейды реконструкциялоо башталат. Кыргыз Республикасынын Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бул долбоор жөнүндө министр Акыл Токтобаевдин Нарын облусуна болгон сапары учурунда билдирди.
Иш сапарынын учурунда министр Базарбаев атындагы «Кара-Тал Жапырык» жана «Нарын» корук-музейлерин карап чыкты. Корук аймагында жайгашкан музейдин абалын талкуулап жатып, анын жаңылануусунун зарылдыгын белгиледи.